Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ДЕПОЗИТТИК АТКАРЫМ – кредиттик уюмдардын юридикалык жактар менен жеке адамдардын акча каражаттарын аманатка тартуу жана аларды жайгаштыруу боюнча аткарымдары. Д. а. жигердүү жана солгун болуп бөлүнөт. Солгуну акча каражаттарын аманатка белгилүү мөөнөткө же талап кылууга чейин тартууну чагылдырат, жигердүүсү – бир банктын бош каражаттарын убактылуу башкаларына жайгаштырат. Д. а. чөйрөсүнө базарда айланып жүргөн карыздар, милдеттенмелер, депозиттик тастыктамалар, векселдер ж. б. кирет.

Русско-кыргызский словарь и глоссарий банковских и финансовых терминов НБКР (2016)
Улуттук банктын депозиттик операциялары (Deposit operations of NBKR) —Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан кайтарымдуулук, төлөөгө жөндөмдүүлүк жана мөөнөтүндө төлөө шарттарында улуттук валютадагы акча каражаттарын убактылуу алып салуу. Аталган операциялар банк тутумунан үстөк ликвиддүүлүктүалып салуу максатында ишке ашырылат.